БИШКЕК. Турсунбек Акундун жоголуп табылышы-бул Улуттук коопсуздук кызматын жана Ички иштер министрлигин айыптоо үчүн уюштурулган саясий оюн, деп билдирди бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкулов болсо «оюн ойнолду. Бирок аны жасаган режиссерлор бир катар катачылыктарга жол беришти» деп, ага мисал катары бир катар жүйөөлөрдү келтирди. Маселен Турсунбек Акундун кийимдери таза бойдон турат. Ал эми 15 күн алмаштырылбаган көйнөктүн абалы кандай болот? Өзүңөр билесиңер, деп белгиледи Жолдошбек Бузурманкулов. Бирок укук коргоочу Турсунбек Акун мындай айыптоону четке кагып, кийимдери тартип коргоо органдары суктангандай таза эмес экендигин көрсөтүүдө.