Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Өзбекстан: абакта жаткан миңдеген адамдар боштондукка чыгарылат


Өзбек президенти Ислам Каримов бүгүн өлкө парламентинин 16-сессиясынын ачылыш алдында абакта жаткан миңдеген кишилерге мунапыс жарыяланарын билдирди. Каримовдун сөзүнө караганда абактан 5040 адам бошотулат жана 9 миңге жакын адамдын жаза мөөнөтү кыскартылат. Мунапыс негизинен майда кылмыш иштерин жасагандарга колдонулат. Ал өлкөнүн конституциясына каршы иш жасады же диний экстремист деп күнөөлөнүп абакта жаткандарга тиешеси жок. Бирок, алардын арасынан “оңолуу жолуна түштүм, экинчи андай ишке барбайм” деп ант ичкендерге да эркиндик берилет.

XS
SM
MD
LG