Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Палестин автономиясы: президенттик шайлоого10 талапкер катталды


Бул тууралуу автономиянын борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Алардын арасында Палестинаны Боштондукка Чыгаруу Уюмунун жетекчиси Махмуд Аббас жана ФАТХ кыймылынын учурда Израил түрмөсүндө отурган лидери Марван Баргути да бар.
Газада ФАТХ кыймылынын борбордук комитети Марван Баргутинин Палестин автономиясынын президенттиги үчүн талапкерлигин кою тууралуу чечимин айыптады жана Махмуд Аббасты колдой турганын билдирди. Марван Баргути ыраматылык Ясыр Арафаттан кийинки белгилүү палестин саясатчысы катары таанымал. Ал эми «Хамас» жана “Ислам жихады” деп аталган палестин топтору өз тарапкерлерин шайлоону бойкот кылууга чакырды. Палестин автономиясынын президентин шайлоо 9-январга белгиленген.

XS
SM
MD
LG