ЧҮЙ. Ачылышка биринчи айым Майрам Акаева, вице-премьер министр Токтош Айтикеева, эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Роза Акназарова, Чүй облустук администрациясынын башчысы, губернатор Азамат Кангелдиев катышты. Вице-премьер-министр Айтикеева айымдын билдирүүсүнө караганда, 1935-жылы курулган психоневрологиялык аялдар интернаты 2002-жылы чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык Сокулук районунун карылар жана майыптар интернаты деген статус алган. Бул долбоорго мамлекеттик бюджеттен 6 млн. сом которулган. Жалпы аянты 1363 квадраттык метрди түзөт. Эки кабат корпус 103 орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күнү интернат толугу менен ремонттолуп, атайын өздүк жылытуу системасына өтүп, ысык суу менен камсыздандырылган.