Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Америка университетинде жаңы президент


БИШКЕК. 2005-жылдын 1-февралынан баштап Борбор Азиядагы Америка Университетинин жаңы, үчүнчү президенти катары доктор Эллен Хурвиц ишке кирет. Мындай чечимди байкоочулар кеңеши добуш берүү жолу менен чыгарды. Америка Университетинин тараткан маалыматына караганда, Эллен Хурвиц жогорку билим берүү жана башкаруу тармагында тажрыйбалуу адис, кесиби тарыхчы, алты тилде, анын ичинде орус тилинде эркин сүйлөйт. 2000-2004-жылдары Нигериядагы Америка Университетин башткарган. Буга чейинки президент Девид Хувайлер жана провост Камиля Шаршекеева ушул жылдын июнь айында эс алууга жөнөтүлгөн. Буга дейре президенттин милдетин кафедра башчысы Жон Драйэр аткарып келген.
Бишкектеги Борбор Азия Америка университетинде 25тен ашык өлкөдөн келген 1100 студент 13 адистик боюнча билим алат.

XS
SM
MD
LG