МОСКВА. Россиянын Мамлекеттик Думасы федерациянын субьекттерин шайлоо тууралуу мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды. Кабыл алынган мыйзам боюнча, эгерде регионалдык парламент президент тарабынан сунуш кылынган кандидатураны эки жолу четке какса, мунасага келүү процедурасы жүргүзүлөт. Эгерде парламент сунуш кылган кандидатураны үчүнчү жолу да четке какса, анда президент парламентти таркатып, региондун башчылыгына убактылуу кызматкерди дайындайт. Бүгүн Мамдума саясий партияларга коюлуп жаткан жаңы талаптар жөнүндөгү мыйзам долборун кабыл алуусу болжолдонот. Ага ылайык, саясий партиялардын бери дегенде 50 миң мүчөсү болуусу керек.