Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Россия башка өлкөлөрдөгү террорчуларга сокку ура турганын эскертти


МОСКВА. Россиянын аба аскердик күчтөрүнүн башкы командачысы Владимир Михайлов анын өлкөсү Россиянын чек арасынан сырткааркы жерлерде жайгашкан террорчуларга каршы күрөштө керек болсо баллистикалык ракеталарды колдоно турганын айтып, опузалады. Орус кабар агенттикттеринин Михайловго шилтеме берип маалымдашынча, Россия террористтерге каршы алыска учуучу ракеталар менен катар бомбаларды, өлкө аскерлеринин карамагындагы бардык каражаттарды колдонот. Михайлов бул эскертүү кайсы өлкөлөргө тийешелүү экенин тактаган жок. Ал ошондой эле Россиянын Ту-160 жана Ту-95 үлгүсүндөгү континенттер аралык атомдук бомбалоочу учактары келерки жылдан баштап Атлантиканын үстүнөн уча баштарын билдирди.

XS
SM
MD
LG