НЬЮ ДЕЛИ. Россиянын президенти Владимир Путин анын өлкөсү Индиянын Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болуу аракеттерине колдой турганын билдирди. Нью-Делиде өткөн пресс-конференцияда Путин Индия Коопсуздук кеңешине талаптанып жаткан өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат, деп билдирди.
- Индия артыкчылык берген стратегиялык өнөгүбүз. Эгерде Коопсуздук кеңеши региондордун эсебинен кеңейтиле турган болсо, Индия тарапкерлердин биринчи сабында болоруна ишенебиз, - деди Путин. Азыр Коопсуздук кеңешинде туруктуу беш мүчө бар.
Өз кезегинде Индиянын премьер-министри Манмухан Сингх анын өлкөсү Россиянын Дүйнөлүк Соода Уюмундагы мүчөлүгүнө колдоо билдирерин айтты. Эки тарап экономикалык ,техникалык жана аскердик тармактарда кызматташуу келишимдерине кол койду.