Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Борборазиянын маданият ишкерлеринин фестивалы башталды


БИШКЕК. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде “Маданияттардын мезгил менен мейкиндиктеги диалогу” деген аталыштагы фестиваль башталды. Фестиваль негизинен Борборазия аймагындагы жалпы маданий баалулуктарды жайылтуу, декоративдик-кол өнөрчүлүгүн колдоо максатын көздөйт. Аталган иш чара Кыргызстандын белгилүү этнографы Клавдия Ивановна Антипинанын 100 жылдыгына арналган. Фестивалдын алкагында “Борборазиядагы элдик чыгармачылык аркылуу искусствонун жаңы багыты” аттуу көргөзмө ачылды. Кол өнөрчүлөрдүн устаттык окуулары өткөрүлүп, Борборазиядагы элдик чыгармачылыкта сейрек кездешүүчү буюмдар, зергерчилик, чебер устачылык, кийиз буюмдары жана кездеме менен иштеген уздар тууралуу видео-тасмалар көргөзүлөт.

XS
SM
MD
LG