БИШКЕК. 9-декабарда Бишкекте 2005-жылы өтүүчү шайлоого жардам көрсөтүүчү координаторлордун жолугушуусу болот. Жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев Кыргызстандагы алдыда болуучу шайлоо маселесине байланыштуу маалымат берүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле “Шайлоо” автоматташтырылган системасы жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында борбордук шайлоо комиссиясынын массалык маалымат борборунун концепциясы талкууланат.
Жолугушууда БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович Кыргызстанда өтүүчү шайлоонун демократиялуулугун колдоо маселеси боюнча сөз сүйлөйт.
Ал эми Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги борборунун жетекчиси Маркус Мюллер алдыда болуучу шайлоодо ЕККУнун жардамы тууралуу кыскача маалымат берет. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы кеңсесинен билдиришти.