Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Кыргызстанда Каракече электр станциясын куруу зарылбы?


БИШКЕК. Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгын алдын алуу үчүн Каракечеде электр станциясын куруу жөндүү. Жума күнү Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө ушундай сунуш талкууланды. Талкууну Борбор Азиядагы суу-энергетика ресурстарын жана сууну пайдалануу проблемаларын иликтөө институту өткөрдү. Институттун болжолунда келерки бир-эки жыл аралыгында электр энергиясынын тартыштыгы башталышы мүмкүн. Ал эми курулушу болжолдонуп жаткан Камбарата ГЭСи он жылдан кийин ишке киргизилиши күтүлүүдө. Ага чейин, жакынкы үч-төрт жыл аралыгында Каракече электр станциясы курулуп, ишке кирсе, бул Борбор Азия аймагындагы электр системасын пайдалануунун тең салмактуулугун жана электр энергиясына баанын 2,5 эсеге чейин арзандашын шарттайт.
Бирок, талкуунун катышуучулары ушул өңдүү сунуштарды камтыган программаны кошумча иштөө зарыл деп эсептешти. Талкууга байланыш жана транспорт министри Кубанычбек Жумалиев баш болгон тиешелүү тармактардын, ишканалардын жетекчилери катышты.

XS
SM
MD
LG