Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Турсунбек Акунга байланыштуу билдирүүлөр уланууда


БИШКЕК. Өз жарандарынын саламаттыгын камсыздоого Кыргызстандын өзүнүн кубаты жетиштүү. Президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков президенттин наамына жолдогон «Хьюман райтс уотч» уюмунун катына байланыштуу ушундай пикирин билдирди. Эл аралык «Хьюман райтс уотч» уюму жума күнү Президентке жолдогон катында Турсунбек Акундун ден соолугуна тынчсыздануусун билдирип, көз карандысыз дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү сунуштаган. Кыргызстандагы адам укугун коргоо бюросунун, «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчилери бүгүн Турсунбек Акундун ден соолугун кайра текшерүү демилгесин колдошорун кабарлашты. Мындай тыянакка алар жума күнү кечинде укук коргоочунун саламаттыгын сурап, үйүнө барып кайткандан кийин келишкен. Бейөкмөт уюмдардын демилгелерин колдоорун «Аксылык энелер кыймылынын» мүчөсү Рыскулова Бурулкан телефон аркылуу билдирди.
15 күн дарексиз жоголуп, кайра табылган Турсунбек Акундун ден соолугун республикалык 4-оорукананын дарыгерлер тобу 1-декабрда текшерүүдөн өткөрүп, саламаттыгы жакшы деген бүтүмгө келген жана 2-декабрда ооруканадан чыгарган.

XS
SM
MD
LG