Украинанын Жогорку соту өлкөдөгү президенттик шайлоонун жыйынтыктарын кечээ күнү жокко чыгарды. Соттун төрагасы Анатолий Яреманын айтымында, шайлоонун экинчи айлампасы кайра өткөрүлүш керек: "Украинанын Шайлоо боюнча мыйзамынын 85-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы 5-декабрдан тартып санала турган үч аптанын ичинде шайлоонун экинчи айлампасын кайра өткөрүүгө тийиш". Добуш берүү 26-декабрга белгиленди жана премьер-министр Виктор Янукович ага катыша турганын билдирди. Экинчи айлампа 21-ноябрда болуп өткөн жана анда Янукович утуп чыкты деп жарыяланган. Өлкө парламенти дагы мурда шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарган жана азыр маселени дагы бир жолу караштырып жатат.