БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарынын ортосунда кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Мындай маалыматты бүгүн Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы таратты. Маалыматта белгиленгенге караганда, бул кол коюу премьер-министр Николай Танаевдин өтүп бараткан апта ичинде Кытайга жасаган иш сапарынын учурунда болгон. Меморандумда тараптар мамлекеттик структуралар, ишкер чөйрөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана илим, билим, маданият жаатындагы карым-катышты күчөтүү зарылдыгын белгиледи.