Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:11

« Los AngelesTimes»: АКШ Кыргызстанга акыркы үч жылда $283 млн. жардам берген


БИШКЕК. Мурдагы Советтер Союзунун алкагында экономикалык жана саясий таасирин күчөтүү максатында АКШ менен Орусия ат салышып жатат. Los AngelesTimes гезитинин 3-декабрдагы санына журналист Ким Мерфи жазган көлөмдүү макала ушундай пикирди камтыйт. Макалада мындай пикир Кыргызстанга эки өлкөнүн аба аскерий күчтөрүнүн жайгашуусу менен байланыштырылган.
Автордун белгилегенине караганда, 1999-жылы исламчыл согушчандардын чабуулуна тушуккан Кыргызстан адегенде АКШнын, андан кийин Орусиянын аба күчтөрүн жайгаштыруу сунушун кубаттап тосуп алды. Кыргызстандын расмий бийлиги бул эки күчтүн жайгашуусун өлкө үчүн эки тараптуу пайда катары баалашса, айрым талдоочулар муну эки үлкөн мамлекеттин тирешүү аймагы катары кооптонуу менен карашууда. Анткени, Орусия АКШ кетээр ою жогун баамдагандан кийин өз аба аскерий күчтөрүн жайгаштырууга киришкен, деп айтылат макалада. Ким Мерфинин маалымдаганына караганда, АКШ акыркы үч жылда Кыргызстанга 283 миллион доллар жардам көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG