Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:25

Эл өкүлдөр жыйыны 14-декабрда


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны акыркы 21-сессиясынын экинчи этабын 14 декабрда баштамай болду. Бул отурумда карала турган негизги маселе республиканын 2005-жыл үчүн бюджетинин долбоору. Мындан тышкары «Концессия жөнүндөгү» мыйзамга кошумчаларды, өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга палата өз пикирин айтат. Буга чейин бул мыйзамды төмөнкү палата узак талаш-тартыштан кийин кабыл алган. Парламент ушул эле сессиясында президенттин сунушуна ылайык социалдык маселелер боюнча вице-премьер министр Токтобүбү Айтикееваны, Юстиция министри Нэйля Бейшеналиеваны ээлеген кызматтарына бекитүү маселесин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG