-Европа коопсуздук жана кызматташтык уюумунун төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси Украин бийликтерин 26-декабрда кайрадан өтчү президенттик шайлоого эл аралык байкоочуларды тоскоолдуксуз киргизүүгө чакырды . Дүйшөмбү күнү Киевге өлкөдөгү саясий крисизти чечүү жолдорун талкуулоо үчүн эл аралык ортомчулар- Польша жана Литва президенттери Александр Квасьневский менен Валдас Адамкус, Европа Биримдигинин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана жана Орусиянын мамлекеттик думасынын спикери Борис Грызлов келишет.