Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

7-декабрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 7-декабрда күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн –0 градустан -5 градуска чейин суук, күндүз 0…+5 градус жылуу.
ТАЛАС облусунда түнкүсүн –1…-6 градус суук, күндүз 0…+5 градус жылуу болот.
Республиканын ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД аймактарында абанын түнкү температура 0…-5 градус суук , күндүз +1ден +6 градуска чейин жылыйт.
КӨЛ кылаасында түнкүсүн –3…-8 градус суук, күндүз 0…+5 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫН облусунда түнкүсүн –10…-15, күндүз 0…-5 градус суук.
БИШКЕКТЕ күндүз жана таңга маал жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз +2…+4 градус жылуу.


Жаңылыктар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Редактору Султан Раев

XS
SM
MD
LG