Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

КМШ парламенттери террорчулукка каршы


БИШКЕК. КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясы кылмыштуулукка, терроризмге жана баңги жүгүртүүгө каршы күрөшүү өңүтүндөгү мыйзамдарды бири-бирине үндөштүрүү боюнча биргелешкен комиссия түздү. Мындай чечим Ассамблеянын 24 - Санкт-Петербург отурумунда кабыл алынды. Отурумга Азербайжан, Украина, Казакстан, Молдова, Кыргызстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Грузия мамлекеттеринин парламент мүчөлөрү катышты. Ассамблея өткөн аптадагы отурумунда КМШ парламенттеринин терроризмге, экстремизмдин башка көрүнүштөрүнө каршы күрөштөгү ролун жогорулатуу маселесин талкуулады. Кыргызстандан бул отурумга Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынын депутаты Карганбек Самаков, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Сабиров катышты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматы таратты.

XS
SM
MD
LG