БИШКЕК. Бүгүн укук коргоочу Турсунбек Акундун жакын туугандары жана «Асаба», улуттук кайра жаралуу, коммунистер партиясынын өкүлдөрү Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыкты.
Алар «Турсунбек Акунду уурдап бекиткендер жоопко тартылсын», «Кыргызстан адам укуктары орой тебеленген өлкө», «Турсунбек Акундун тагдырына мамлекет башчы Аскар Акаев күнөөлүү» деген плакаттарды кармап турушту. Ондон ашуун пикетчилер Турсунбек Акундун жоголуп кайра табылышын иликтөөнү, укук коргоочу тууралуу жалган маалымат таратууну токтотууну, анын ден соолугу тууралуу туура эмес медициналык бүтүм чыгарган дарыгерлерди жоопко тартууну талап кылышууда.
Турсунбек Акундун жоголушун Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов, Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов «саясий оюн» деп баалап, ага аткаруу бийлигинин тиешеси жок экендигин билдирген.