Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:58

Шайлоонун адилет өтүүсүнө АКШ салым кошот


Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг жана Борборшайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаев меморандумга кол коюшту. Ага ылайык АКШ өкмөтү шайлоочулардын бармагына сүртүлчү боек, ага керектелчү жабдууларды жана аларды пайдаланууда керектелчү батареяларды сатып алууга каражат бөлөт. АКШ өкмөтү ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууну жана коомчулукка бармакка белги коюу тууралуу маалымат берүүнү каржылайт. Борборшайлооком өз кезегинде боекту шайлоо участкаларына жеткирүү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу программасын ишке ашырат. Добуш берүүгө кирип бараткан шайлоочулардын сол колунун бармак башына белги коюу тууралуу жобо Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан «Шайлоо кодексине» быйыл киргизилген. Президент ал мыйзамга 22-октябрда кол койгон. Мындай жобо айрым атуулдардын кайра-кайра добуш берүүсүнө чек кою максатында киргизилген.

XS
SM
MD
LG