Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Леонид Кучма шайлоонун дагы бир ирет өтүшүнө макул


Укранина президенти Леонид Кучма Жогорку соттун шайлоонун экинчи айлампасын кайра өткөрүү керек деген чечими аткарылышы керек деп билдирди. Ал муну 6-декабда өкмөттүн жыйынында айтты. Кучма шайлоону адилет өткөрүш үчүн Конституция баштаган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө даяр экендигин да ортого салды.

- Менин пикиримде оппозициянын баардык талаптарына, анын ичинде өкмөттү отставкага кетирүү талабына саясий реформалар эң сонун жооп болуп эсептелет. Эгер оппозиция чындап эле ушуну кааласа алгач Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл жана анын негизинде жаңы өкмөт түзүү керек, - деди Леонид Кучма.

Мыйзамдарга толуктоо киргизүүнү жана өкмөттү, Борбордук шайлоо комиссиясын, башкы прокурорду жана айрым губернаторлорду отставкага кетирүүнү оппозиция дале талап кылып жатат. Виктор Ющенко митингде турган өзүнүн жактоочуларын оппозициянын талабы аткарылмайынча өкмөттүн кеңсесин камоолго алууну токтотпоого чакырды.

- Биздин 3 талап бар жана алар аткарылмайынча парламенттин жана президенттин кеңсесин курчоого алып тура беребиз. Биз дагы бир ирет айтабыз – биздин талаптар аткарылмайынча өкмөттүн жана президенттин имараттары камоолдо тура берет, - деди Виктор Ющенко жекшембиде.

Өткөн аптада Жогорку Рада Виктор Януковичтин өкмөтүн отставкага кетирүү тууралуу токтом кабыл алган. 6-декабрда Леонид Кучма өкмөттү отставкага кетирейин деген азырынча ниети жок экендигин айтты.

XS
SM
MD
LG