ЖАЛАЛАБАД. Кайрылууга ылайык облустук прокуратура, облустук финансы башкармасы Эркин Бегимкуловдун үстүнөн негизсиз иш козгоп, облустук токой чарба жетекчилерин күнөөлөгөн. Сузактагы «Домата» пахта заводунун башчыларын жаман аттуу кылууга аракет жасаган. Бегимкулов талапкерлигин Жогорку Кеңеш шайлоосуна ниеттенген кезде, ага каршы ачылган кылмыш иши элдин ынтымагына залака тийгизер шантаж деп бааланган. Аксы окуясына аралашкан облустук прокуратура адистеринин андан сабак албагандыгы эскертилип, прокурор Кубатбек Кожоналиевди кызматтан бошотуп, жоопко тартууну талап кылган. Талаптары аткарылбаса 24-декабрдан тарта облустук бийликтин алдында нааразылык акцияларын баштоону маалымдашкан.
Аксы районунун 110 атуулу Президент Аскар Акаевге, Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевге, Жалалабад облусунун губернатору Жусупбек Шариповго кайрылуу жолдоду