БИШКЕК. Коргоо министринин орун басары Замирбек Сүйөркулов баштаган делегация Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы иш сапарынан кайтып келди. Кыргыз делегациясынын иш сапарында эки тараптуу аскерий кызматташуунун 2005-жылдагы иш пландары талкууланды. Ошондой эле Ооганстандагы антиттеррордук операцияларды өткөрүү боюнча пикир алышуулар болду. Кыргыз аскерий делегациясын Британиянын саясий жана аскерий байланыштар депертаментинин жетекчиси полковник Девид Боун кабыл алган. Жолугушууда 2004-жылдагы эки тараптуу кызматташуунун алкагындагы иш чаралардын аткарылышына талдоо жүргүзүлдү.
Улуу Британиянын Аба күчтөрүнүн оперативдик штабынын орун басары генерал-майор Никол Хоутон менен протоколдук жолугушуу болду.
Улуу Британиянын Аба күчтөрүнүн оперативдик штабынын орун басары генерал-майор Никол Хоутон менен протоколдук жолугушуу болду.