БИШКЕК. “Евросоюз менен Кыргызстандын кызматташтыгын өнүктүрүп, аны турмушка ашыруу максатында түзүлгөн Грециянын European Profiles S.A. компаниясынын долбоорун ишке ашыруу үчүн көп убакыт жана жигердүү аракет, ириде саясий эрк керек”, – деди аталган долбоордун жетекчиси Марк Антони айым бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, долбоор алты багытта, 3 экономикалык жана 3 атуулдук коом боюнча иш алып барат. Ошондой эле мыйзамдарды ылайыкташтыруу, экономиканы өнүктүрүү боюнча тышкы инвестицияларды тартуу жана тышкы сооданы өнүктүрүүнү көздөгөн бул долбоорго Европа Биримдиги тарабынан 2 млн. евро бөлүнгөн.