Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:15

JICA Ысыккөлдүн өнүгүшүнө кызыкдар


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте “Ысыккөл аймагын комплекстүү өнүктүрүү” боюнча (JICA) Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин 5-жыйынтыктоочу семинары болуп өттү. Семинарда жапондук адистер Ысыккөл өрөөнүн өнүктүрүү боюнча башкы схемасы тууралуу толугураак маалымат берди. Анда көлгө куйган агын сууларды тазалоо, таза суу маселеси, транспорт, байланыш кызматтарын өнүктүрүү иштери каралган. Ысыккөл аймагында эс алуу жайлардын деңгээлин жакшыртуунун негизинде жылыга 1 млн 500 миңге чейин туристтерди кабыл алууга боло тургандыгы айтылды. Негизги проблемалардын бири туристтерди жергиликтүү дыйкандар өндүргөн экологиялык жактан таза азык-түлүк менен камсыз кылууга шарт түзүү өкмөт тарабынан эске алынуусу сунушталды.

Ал эми Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиеванын айтымында, “Көл кылаасын 2025-жылга чейин бар тарбынан өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталууда”.

XS
SM
MD
LG