Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Казак-Кыргыз союздаштыгы жөнүндөгү келишимди парламент комитетке кайтарды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнкү отурумунда «Кыргыз Республикасы менен Казак Республикасынын ортосундагы шериктештик мамилелер» жөнүндөгү келишимди кошумча иштөө үчүн Парламенттин КМШ иштери боюнча комитетине жиберди. Эки өлкөнүн президенттери аталган документке 2003-жылдын 25-декабрында Астанада кол коюшкан. Депутаттар келишимде эмгек мигранттары, транзит жана суу ресурстарын пайдалануу өңдүү маселелерде Кыргызстандын кызыкчылыктары жетиштүү чагылдырылбай калган деп эсептешти. Эми Комитет менен Тышкы иштер министрлиги сын-пикирлердин негизинде документти кайра карап чыккандан кийин келишим кайрадан палатага сунушталат. Парламент мындан тышкары бул отурумда Кыргыз-тажик чегарасындагы өткөрмө пункттар, КМШга мүчө мамлекеттердин антитеррордук бөлүмдөрүнүн Кыргызстан аймагына келишинин шарттары, 2003-жыл үчүн Германиянын техникалык жардамдарына байланышкан келишимдерин ратификациялады.

XS
SM
MD
LG