Палестинадагы Газа шаарында бүгүн бомба жарылгандан бир жөөт аскери курман болуп, дагы төртөө жараат алды. Израил аскерлеринин айтымында, бомба жарылгандан кийин куралдуу кагылышуу да болгон жана жөөт аскерлерине жардамга авиация келип, лашкерлер тобуна ракета атылды. Натыйжада бир согушкер өлдү. Чабуул үчүн жоопкечиликти өзүнө "Хамас" уюму алды.