Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Вашингтон Украинанын эгемендүүлүгүн колдойт


АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бүгүн София шаарында журналисттер менен жолугуп, Вашингтон Украинанын эгемендүүлүгүн колдойт деп билдирди: "Кесиптештерим сыяктуу мен бүгүн Украинанын көз карандысыздыгын, суверендүүлүгүн жана аймактык биримдигин колдоп үн кошом. Биз баарыбыз өлкөдөгү демократиялык жараяндарды колдойбуз жана шайлоодон Украина элинин эркин чагылдырган жыйынтык чыгат деп күтөбүз". Шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганына каршы чыгып, оппозициялык талапкер Виктор Ющенконун колдоочулары 15 күндөн бери Киевде митинг өткөрүүдө, Жогорку сот болсо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарып, жаңы шайлоо дайындады.

XS
SM
MD
LG