Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

КОШУЛМАСЫ ЖОК ОППОЗИЦИЯ, КООМ КАЙДА БАРАТ? КЫРГЫЗ ЖЕРИ 49 СААТКА ДА ИЖАРАГА БЕРИЛБЕЙТ!


Мээрим Султангазиева, Бишкек Турсунбек Акундун жоголушунуну себептерин жана анын азыркы абалы тууралуу макала шейшемби күнү чыккан «МСН» гезитинде орун алды. Кыргыз жери 49 саатка да ижарага берилбеши керек, деп «Аалам» басылмасы билдирди.

7 декабрь, шейшемби күнү жарыка чыккан «МСН» басылмасында укук коргоочу Турсунбек Акундун жоголушунун себептери жана анын азыркы абалы тууралуу макала орун алды. Анда гезитке берген маегинде укук коргоочу Топчубек Тургуналиев Турсунбек Акунга өткөргөн медициналык кароо менен түк макул эместигин билдирип, өлкөдө эч кайсы бир сот Турсунбек Акунду жоголуп кетишине тиешеси бар адамдарга жаза колдонбостугун белгиледи.

Мамлекет дейбиз. Коом кайда баратат? Эртең эмне болот? Алдыдагы шайлоолор акыйкат өтөбү? Ушул сыяктуу суроолорго Ж огорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынын депутаты Болот Байкожоев «Аалам» гезитине берген маегинде жооп берген. Анда депутаттын пикири боюнча, эки палаталуу парламент негизинен федеративдүү мамлекеттерге жарашат, ал эми кичинекей мамлекттерге туура эмес эле болуп калат экен. Мамлекет бир багытта иштеш үчүн жоопкерчилик жетишпей жатат.

Кыргыз жери 49 саатка да ижарага берилбеши керек, деп шейшемби күнү чыккан «Аалам» гезитине берген маекте көрүнүктүү ишкер Сазыкбай Турдумалиев билдирди. Кыргыз жеринин Кытайга берилиши түп тамырынан бери туура эмес.Биз аз элбиз, миллиарддаган Кытай чындаса кантип туруштук беребиз деп кылчактабай, каршы турушубуз керек болчу, деген оюн билдирди.

Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын филиалдарынын саны өсүүдө, бул статистикалык маалыматсыз эле көрүнүп турат. Мурун өлкөдө 12 гана жогорку окуу жай болсо, азыркы тапта алардын саны 55тен да ашты. Баардык эле окуу жайлар мыкты билим берип жатабы? Бул тууралуу макала «Слово Кыргызстана» гезитинде орун алды.

Бийликтин сынчыларынын бийликтин башында тургандарды алмаштыруу керек деп айтканда, аргасыз «ошондо жашоо жакшы жака өзгөрүп кетеби, деги эле мунун бары кимге керек?» деген суроо пайда болот. Азыркы бийлике умтулгандардын анык программасы барбы? Бакиевчилер курамын түзгөн Турсунбек Акун, Азимбек Бекназаров сыяктуу оппозициянын жаңы кошулмасы эч кандай жаңы нерсеге алып келбейт, деп «Слово Кыргызстана» гезитинин шейшемби күнкү чыгарылышы маалымдады.

Ал эми кечээ жарыка чыккан «Вечерний Бишкек» басылмасы алгачкы эки миллион сом өбөлгө түзүүчү грант катары 2003-жылдын шаардык бюджетине киргизилген. Бирок аларга суроо-талап болбогондуктан, акчалар башка максаттарга берилген. 2004-жылдын бюджетиндеги эки миллион да жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун демилгелерин колдоого арналган. Бирок кайрадан бул акчалардын тагдыры белгисиз, деп кабарлады. Макалада ар бир сезондо борбор шаарда сугат суу тартыш экени тууралуу жана башка шаардагы чечилбей жаткан маселелер жөнүндө жазылып, аларды чечүүдө канча каражат бөлүгөнү белгиленди. Бюджеттик өбөлгө түзүүчү гранттар ушундай нерселерге бөлүнгөн, бирок гранттарды алганга аракеттер болгон эмес, деп «Вечерний Бишкек» басылмасы билдирди.
XS
SM
MD
LG