Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Сарымоголдуктарга кыргыз паспорту берилет


БИШКЕК. Ушул жылдын жазында Тажикстандын карамагынан Кыргызстандын Алай районуна өткөн Сарымогол айылынын 368 тургунуна Кыргызстандын паспорту берилет. Мындай маалыматты бүгүн «АКИпресс» агенттигинин түштүктөгү бөлүмү таратты. Бирок, алардын Тажикстандын атуулдугунан чыккандыгын жана СПИД, кургак учук оорулары менен оорубай тургандыгын күбөлөндүргөн документтери жок экендиги аныкталды. Сарымоголдо турган 1510 адамдын 417си Тажикстандын, 344ү мурдагы СССРдин 1974-жылкы паспорту менен жүрүшкөн. 523ү Кыргызстандын атуулдугун алса, 172синин атуулдугун аныктаган бир дагы документи жок. Ушундан улам Ош облустук ички иштер башкармалыгы 108ине документин жоготкон деген тил кат, 200үнө атуул экендигин күбөлөндүргөн документ берди.

XS
SM
MD
LG