Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Жаңы конушта эски проблема


БИШКЕК. Ушул тапта Бишкек шаарында 1 миллион 200 миңден ашык адам жашайт. Бул тууралуу бүгүн Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча башкармасынын башчысы Бейшен Абдыразаков маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, борбордун айланасындагы 24 жаңы конушта кеминде 150 миң адам жашайт. Бирок, алардын туруктуу каттоосу жоктугунунан улам 10-октябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 65 миң шайлоочунун 20 миңге жакыны гана добуш берди. Ушундан улам райондук администрациялар жаңы конуштагы шайлоочулардын санын 1-декабрга чейин тактоого милдеттендирилген. Ал эми жаңы конуштардын социалдык проблемасын чечүү үчүн кеминде 4 миллиард сом зарыл. Ошондуктан жылына Бишкек мэриясынан берилген 50 миллион, респубикалык бюджеттен бөлүнгөн 140 миллион сом эч нерсеге жетпей жатат. «Ага карабастан Бишкек мэриясы жаңы конуштардагы социалдык проблемаларды 2008-жылга чечүүнү, андан кийин ал жерлерде жашоо деңгээлин көтөрүү милдетин алдыга коюп жатат», - деди Бейшен Абдыразаков.

XS
SM
MD
LG