Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:09

Кыргызстандын тышкы карызы жоюлабы?


БИШКЕК. Эгерде аткаруу бийлик өкүлдөрү Кыргызстандын тышкы карыздарын төлөөгө кеткен каражатты өлкөдөгү социалдык же экологиялык оор абалды оңдоого колдонуу тууралуу долбоор жазып, буга чейин карыз акча алган донор өлкөлөрдү жана уюмдарды ынандыра ала турган болсо, кредиторлор Кыргызстандын тышкы карызынын кандайдыр бир бөлүгүн кечип жибериши ыктымал. Бул тууралуу бүгүн Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министринин орун басары Канат Жанузаков жана Эл аралык университеттин ректору Асылбек Айдаралиев билдирди. Алардын айтымында, учурда бул маселе боюнча Кыргызстанга БУУнун эксперттери келип иш алып барышууда. Эл аралык эксперттер аткаруу бийлик өкүлдөрүнө Кыргызстанга карыз берген донор өлкөлөр менен жекеме жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларды ишендирүү үчүн долбоор даярдоого көмөктөшөт.

XS
SM
MD
LG