Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Адвокаттардын даярдыгы начар


БИШКЕК. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан Кыргызстанда укуктук кесиптерди реформалоонун индекси даярдалды. Мындай маалымат бүгүн Бишкекте өткөн «Кыргызстанда адвокатураны өнүктүрүүнүн келечеги жана проблемалары» аттуу эл аралык конференцияда жарыяланды. Укуктук кесиптерди реформалоонун индексин юристтердин Америкалык ассоциациясы ушул жылдын башынан тарта даярдаган. Ассоциациянын ага юристи Азамат Керимбаев билдиргендей, индексти даярдоо маалында сот, прокуратуранын 50дөн ашык өкүлү сурамжылоого алынып, алардын баасы индекске негиз кылып алынган. Натыйжада, акчанын артынан жүгүргөн адвокаттардын көбөйгөнү жана адвокаттардын начар даярдалып жаткандыгы айтылган. Маселен, адвокат болуу үчүн Юстиция министрлигинин лицензиясын алган 1200дөн ашуун юристтин 497си гана кесиптик экзаменден өтүп, кызмат көрсөтүүгө укукту.

XS
SM
MD
LG