Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:32

«Фридом хаус» укук коргоочунун жоголуу себебин иликтейби?


БИШКЕК. «Фридом хаус» эл аралык уюму Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун табышмактуу жоголуп табылышы боюнча өз иликтөөсүн бүтө элек. Мындай маалымат бүгүн «Фридом хаус» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы укук коргоочуларды коргоо долбоорунун өкүлү Улугбек Бабакуловдон алынды. Анын айтымында, иликтөөнүн жыйынтыгы окуяга тиешеси бар бардык тараптардын билдирүүлөрүн дыкат талдоодон кийин жарыя кылынат. Бирок, укук коргоочунун жана тартип коргоо органдарынын билдирүүлөрүнүн бири-бирине карама-каршылыгынан улам так жыйынтыкка келүү кыйын болууда. Андан тышкары эл аралык уюм Турсунбек Акундун көз карандысыз медициналык текшерүүдөн өтүүсү үчүн көмөк көрсөтүүнү сунуштады. Ал эми укук коргоочунун жубайы Гүлмира Жапар кызы өлкө ичиндеги дарыгерлерге ишеним аздыгын жана Турсунбек Акун сакайгандан кийин маалымат жыйынынын өткөрүп, окуя тууралуу так маалымат берүүгө даярданып жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG