Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Оппозиция өкүлдөрү жыйын өткөрүштү


БИШКЕК. Курамына оппозициячыл тогуз партия жана бир катар эркин саясатчылар кирген «Кыргызстан элдик кыймылынын» борбордук кеңешинин жыйыны бүгүн Бишкекте өткөрүлдү. Отурумда 2005-жылы боло турган парламенттик шайлоого аталган кыймылдын атынан көрсөтүлө турган талапкерлердин тизмесин тактоо жана парламенттик шайлоодо үгүт иштерин биргелешип жүргүзүү маселелери каралды. Талкуунун жыйынтыгында 59 депутаттык орунга көрсөтүлө турган талапкерлердин аты жөнү такталды. Калган округдар боюнча талапкерлер келээрки аптага чейин такталып, массалык маалымат каражаттарына жарыялана турган болду. «Кыргызстан элдик кыймылы» саясий бирикмеси 2004-жылдын 9-сентябрында түзүлгөн. Анын курамына «Асаба», «Эркиндик», «Республика», «Кыргызстан коммунистери», «Жаңы Кыргызстан» партиялары жана бир катар эркин саясатчылар киришкен. Кыймылдын жетекчилигине мурдагы өкмөт башчы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев шайланган.

XS
SM
MD
LG