Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Коррупцияга чабуул


Бүгүн акыйкат башкаруу боюнча консультативдик кеңештин жыйыны болду. Анда Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу маалымат берип, кызматтык кылмыштарга барганы үчүн ар кандай кызматтагы 467 адамга карата кылмыш иши козголуп,114 миллион сомдук каражат кайтарылгандыгын билдирди. Анын айтымында, Улуттук банктын,мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин,темир жол башкармалыгынын жана бир катар ишкана жетекчилерине карата кылмыш иши козголуп, миллиондогон сомдор казынага кайтарылды. Президент Аскар Акаев быйылкы жылдын башкы натыйжасы коррупцияга каршы күрөштүн ырааттуу жана ар тараптуу жүргүзүлө баштагандыгы болду деп баалады.Жыйында айтылган маалыматка караганда, 2005-жылы коррупцияга каршы иш-чаралардын матрицасы иштелип чыгып, аларды аткаруунун мөөнөттөрү такталат.

XS
SM
MD
LG