Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Хамид Карзай наркотрафикке каршы күрөшөт


Ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай наркотрафикке каршы күрөшүү аракеттерин талкууло үчүн уруу башчылары менен жолугушууларды пландап жатат.

Президенттин жардамчылары эртең баш калаа Кабулга жүздөгөн уруу аксакалдары чогулушат деп билдиришти.
Кечээ расмий ант берүү аземинде Карзай баңгиаткезчилигин коопсуздуктан кийинки экинчи негизги проблема катары атаган эле.
Карзайдын пландары боюнча баңгиаткезчилигине каршы күрөштү координациялап туруш үчүн өлкөдө атайын мекеме түзүлмөкчү. Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн курамы ушул аптада белгилүү болот деп күтүлүүдө.
Анын аралыгында АКШ жетектеген коалициянын өкүлдөрү айрым талиптер өлкөдөгү саясий процесске кошулуу ниетин билдиргендигин ырастады.
Арийне майор Марк макКанн Кабулда өткөн пресс-конференцияда ошол талиптердин ысымдарын атаган жок.
Өткөн аптада АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Халилзад талип согушчандарына кайрылып, куралдарын тапшырып бергендерге мунапыс колдонулат деп жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG