Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Иракта бүгүн америкалык жана жергиликтүү аскерлерге болгон кол салуулардын натыйжасында кеминде 3 киши окко учту


Самарра шаарында куралчан бир адам полиция участкасына ок ачып, бир полициячы набыт болду. Рамадиде болсо америкалык аскерлердин текшерүү пункту аткыланып, ирактык эки киши мерт кетти. Түштүк Багдадда АКШ жоокерлеринин конвою кетип бараткан жолдо бомба жарылып, эки аскер жеңил жаракат алды.

Хусейндин атынан сүйлөгөн Зиад ал-Хасавнехтин айытымында, Ирактын судьялар ассоциациясы жолугушууну белгисиз мөөнөткө калтырды. Анын сөздөрү башка булактар тарабынан бышыктала элек. Апта башында Ирактын транспорт министри Хатим Султан ал-Арис Саддам жалпы улуттук шайлоодон кийин, башкача айтканда 30-январдан кийин соттолот деп билдирген эле.

XS
SM
MD
LG