Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Украина оппозициясы өкмөттүк айрым кеңселерди курчоого алууну токтотот


Украина оппозициясынын лидери Виктор Ющенко кечээ 17 күндөн бери Киевдин борбордук аянтында акыйкат шайлоону талап кылып турган өзүнүн жактоочуларына ыраазычылык билдирип, аларды алкоого алды. Виктор Ющенко ал сөзүн өлкөнүн парламенти – Верховна рада Конституция жана шайлоо кодекси баштаган бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, президент Кучма ага дароо кол койгондон кийин сүйлөдү. Леонид Кучманын мындай чечкиндүү аракетин парламенттин төрагасы Владимир Литвин жогору баалады:

- Менимче биз Украинанын президентине ыраазычылык билдирсек болот. Анткени бүгүн биз өз ара мунасага келген чечимдерди кабыл алдык.

Парламент чечимине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана анын 4 мүчөсү да алмаштырылат. Ющенко өзүнүн колдоочуларын алардын чыдамкайлыгы жана бекем позициясы үчүн мактап, нааразычылык акцияларынын акыбети кайтып, эл “жаңы мамлекетке ээ болду” жана украин эли европалык улут экенин далилдеди деп билдирди. Оппозиция лидери ошондой эле көчөгө чыккандарга зордук-зомбулук көрсөтпөй, кайра аларага тилектеш болгону үчүн полицияга жана куралдуу күчтөргө ыраазычылыгын айтты. Эми оппозиция өкмөттүн айрым имараттарын камоолго алууну токтотуп, шайлоого кам көрө турган болду.

Виктор Ющенконун пикиринде Верховна Рада кабыл алган чечим 26-декабрда өтмөкчү болуп жаткан шайлоодо анын жеңишин камсыз кылууга жол ачат. Украин парламентинин чечимин Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Хавьер Солано кубаттоого алышты. Ющенконун атаандашы - премьер-министр Виктором Янукович болсо кечээ Донецкидеги өзүнүн жактоочулары алдында сөз сүйлөп, парламенттеги окуяларды “мамлекеттик төңкөрүш” катары баалады жана шайлоону жеңип чыгам деди.

XS
SM
MD
LG