КАРАКОЛ. Каракол жарандык «Бирлик» коомдук бирикмесинин тең төрагасы Канымет Жакыпбектегиндин айтымында, 2005-жылдын 27-февралында болуучу парламенттик шайлоонун мыйзам чегинде калыс жана адилеттүү өтөөрүнөн шек саноо башталды. Анткени, парламентке депутат болууну көздөгөн айрым талапкерлер эмитен эле ишенимдүү адамдар аркылуу Жогорку Кеңешке ушул кишинин гана талапкерлигин көрсөтөбүз деген кол тамгаларды чогултууга өтүштү. Бул айрыкча «Алга, Кыргызстан!» жана «Биримдик» саясий партиясына таандык көрүнүш болуп баратат. Ошондой эле айыл айылдарды кыдырып, мектептерге компьютер, ал тургай автоунаа тараткан ишкерлер да шайлоочулардын добуштарын сатып алууга ыңгайлашууда. Кыскасы өткөн парламенттик шайлоодон бери облустка бир кылчайып басып келбегендер «элим үчүн» деген бийик сөздөрдү айтышып, убадаларды жаадырышууда, дейт Канымент Жакыпбектегин.