БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн «Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоого каршы күрөшүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбоору боюнча депутаттарга Улуттук банктын башчысы Улан Сарбанов маалымат берди. Анын айтымында эгерде аталган мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, кимдир бирөөлөр Кыргызстандын банктарына көп суммада акча которуп андай акчаны кандайдыр бир жол менен мыйзамдаштыруусуна чек коюлат. Улуттук банк өкүлдөрү талкууда айтылган сунуштарды эске алып мыйзам долбоорун кайрадан жакынкы күндөрү палатага сунуш кыла турган болду.