Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысына кол салуу фактысы боюнча сот жараяны уланууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу боюнча сот иши каралды. Ага жабырлануучу Мисир Ашыркулов жана айыпталуучу катары Таалайбек Момунов аттуу жигит катышты. Айыпталуучу ден-соолугунун начардыгына байланыштуу судьянын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Ал эми Мисир Ашыркулов жана анын адвокаттары «Таалайбек Момуновдун акыл эси жайында эмес» деп бүтүм чыгарган соттук-медициналык эксперттердин сот жараянына келүүсүн талап кылышты. Ал эми Таалайбек Момуновдун жактоочулары болсо айыпталуучунун ден-соолугу начар болгондуктан келээрки сотко анын ишенимдүү адамы катышуусун сунуштады. Алардын мындай сунушу кабыл алынды. Келээрки сот жараяны 15-декабрда өткөрүлө турган болду. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркуловго 2002-жылдын 6-сентябрында кол салуу уюштурулган.

XS
SM
MD
LG