БИШКЕК. 13-декабрдан тарта Кочкор районундагы «Ак кыя» айыл өкмөтүнө караштуу Жаңыжол айылынын 25 тургуну Кочкордон Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыгат. Бул тууралуу бүгүн жөө жүрүшкө чыгуучулардын өкүлү Азимкүл Сыдыкова Кочкордон телефон аркылуу билдирди. Анын айтымында, буга Жаңыжол айылындагы «Алтымыш» жана «Акжол» дыйкан чарбаларына бөлүнгөн мүлктү бир нече кишинин ээлигинен кайтарып алуу аракетинен майнап чыкпагандыгы башкы себеп болду. Дыйкандар Кочкор райондук, Нарын облустук сотторго кайрылып, Жогорку Соттон да мүдөөсүнө жете алышпагандыктан сотторго нааразылык билдирүү менен бирге жер жана мүлк үлүшүн калыстык менен бөлүштүрүп берүүнү өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгып талап кылган жатат. Алар жөө жүрүш акциясына чыга тургандыктарын 1-декабрь күнү Кочкор райондук администрациясына, тартип коргоо органдарына билдирип, жалпы элге райондук гезит аркылуу жарыя кылган. Кочкор районунун тургуну Калиса Бейшеналиева өткөн жылы сарай боюнча өкмөт үйүнүн алдына нааразылык пикетке чыгып жатып, Жогорку Соттун адилет чечимине жеткен.