Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

«Атажурт» жаңы саясий бирикме


БИШКЕК. Кыргызстанда «Атажурт» жаңы саясий бирикме түзүлдү. Ага өлкөнүн кыркка жакын таасирдүү саясатчы, коомдук ишмерлер кирди. Бирикменин тең төрагалыгына Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Роза Отунбаева жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаев шайланды. Садырбаевден алынган маалыматка караганда, бирикменин курамы он бир адамдан турган орун басары шайланды. Жаңы уюмга кирген саясатчылардын арасында Адахан Мадумаров, Болотбек Шерниязов, Исках Масалиев, Муратбек Мукашев, Өмүрбек Текебаев жана башка саясатчылар бар.
«Уюмдун башкы максаты келээрки парламенттик, президенттик шайлоодо жеңишке жетишип, бийликке келүү. Ал эми бирикменин мындай максатка жетүүдөгү план программасы келээрки дүйшөмбү күнү Бишкекте өткөрүлө турган маалымат жыйында коомчулукка кабарланат» деп кошумчалады Дооронбек Садырбаев.

XS
SM
MD
LG