Ирактын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сирияны эрегишчилердин чек арадан өтүп, Иракка кирүүсүн токтотподу деп күнөөлөдү.
Моуфак ар- Рубайинин Рейтер агенттигине айтышынча, өткөн айда Фаллужа козголоңчулардан бошотулганда, шаардан козголоңчулар менен Дамаск ортосунда акча жүгүрүп турганын ырастаган далилдер табылган.
Ал-Рубайи Ирак өкмөтү январда болчу шайлоонун коопсуздугун толук камсыздай албасын да эскертти.
Мурдараак президент Гази ал-Яавар да ушундай эскертүү жасаган.