Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Ирактык шиитер парламенттик шайлоого бир тизме менен катышат


Ирактык шииттердин коалициясы 30-январга белгиленген жалпы элдик шайлоого бир блок менен катышат. Ал үчүн каолиция 228 талапкердин тизмесин түзүп, аны таанымал шиит диниятчысы Аятолла Али ас-Систани колдоду.
Исламчыл “Дава” партиясынын өкүлү Али ал-Адибдин сөзүнчө, коалицияга шииттердин үч чоң партиясы, күрттөрдүн шиит жамааты, язидис диний азчылыгы жана түрк элдеринин кыймылы, ошондой эле бейтарап сунни уруулары кирген.
Бирдимдиктин өкүлү Хусайн ас-Шахристани билдиргенге караганда, тизмеге антиамерикачыл шиит- диниятчысы Муктада ас-Садр киргизилген эмес.
31-январда өтчү шайлоодо Улуттук жыйындын 275 мүчөсү шайланат. Алар жаңы өкмөттү бекитип, өлкөнүн жаңы конституциясын даярдоочу кеңешти дайындайт.

XS
SM
MD
LG