Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:04

Хорват полициясы 3 килограмм героин кармады

Кечээ Хорватиянын полициясы 3 килограмм героин ташып бараткан болгариялык жаранды Сербия-Черногорияга өтөөр алдында чегарадан кармады. Полициянын маалыматына караганда маңзат автомашинада алты пакетке салынып, жышырылган экен. Жыл башынан бери Хорватиянын полициясы 68 килограмм наркотик кармаган. Балкан – Азиядан Европага маңзаттарды ташый турган негизги жолдордун бири бойдон калууда.

Эларалык акыркы жаңылыктарды Прагадан Кубат Оторбаев даярдады.
XS
SM
MD
LG