Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Бир миллиард бала бактысыз


Бириккен улуттар уюмунун балдар фонду – ЮНИСЕФ кечээ жылдык отчетун жарыялады. Анда айтылганга караганда жер бетинде бир миллард бала жакырчылыктан, согуштан жана СПИДден жапа чегишет. ЮНИСЕФтин директору Керол Беллами көпчүлүк мамлекеттердин өкмөттөрү балдардын укуктарын коргоодо шалаакылык кылып жатат деп билдирди. Отчетто маалымдалгандай 400 миллиондой бала таза сууга көзү катып жашашат, дагы 650 миллион бала үстүндө үйү жок, ачык асман алдында күн көрүшөт. 1990-жылдан бери ар кандай согуштардан каза тапкандардын 3 миллион 600 миңи - он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек балдар болгон.

XS
SM
MD
LG