Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Ариэль Шаронду “Ликуд” партиясы колдоого алды


Бейшембиде Израилдин бийликтеги “Ликуд” партиясынын көпчүлүк өкүлдөрү солчул-борборчул Жумушчу партия менен коалиция түзүүгө макулдук беришти. Мындай коалиция түзүү демилгесин премьер-министр Ариэль Шарон көтөрүп келген. Анткени анын Израилди Газа секторунан чыгарып кетүү демилгеси добуштардын жетишсиздигинен колдоого алынбай келаткан. Эми өкмөткө оппозициядагы Жумушчу партиянын өкүлдөрүн да тартуу боюнча сүйлөшүүлөр башталмакчы. Бейшембиде өткөн добуш берүүгө “Ликуд” партиясынын борбордук комитетинин 1410 мүчөсү катышып, добуш бергендердин 60 проценти Ариэль Шаронду колдоого алышты. Шарондун планы боюнча Израиль күчтөрү Газа секторун эмдиги жылы таштап чыгып кетүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG